Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимди бардык парламенттик фракциялар колдошкон - «Электр станциялары» ААКнын тышкы байланыш бөлүмүнүн мурдакы жетекчиси

Бүгүн, 10-июлда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча сот процесси уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө «Электр станциялары» ААКнын тышкы байланыш бөлүмүнүн мурдакы жетекчиси Маматмуса Укубаев суракка алынды. 

КРнын экс-премьер-министри Сапар Исаков адистен кытайлык "Эксимбанк" менен ЖЭБди модернизациялоого каражат бөлүп берүү жөнүндө макулдашууну парламенттик кайсы фракциялар колдогонуна жана эмне үчүн сүйлөшүү процессине мамлекеттик башка органдар да тартылганына кызыкты. Укубаев аталган келишимди бардык парламенттик фракциялар колдогонун айтып жооп берди. 

"Бул абдан ири долбоор эле. "Эксимбанктан" кредитти биз өкмөттүн кепилдиги менен гана ала алмакпыз. Ошол учурда ТВЕА компаниясы эң ылайыктуу болуп турган. Бардык парламенттик фракциялар аталган долбоорду колдоп беришкен, бирок россиялык СМЕС компаниясын сүрөгөн депутаттар да болду", - деп билдирди ал. 

Андан тышкары, Укубаев кытайлык компания келишимди бекитүүдө ТВЕА компаниясы гана подрядчик болушу керек экени туурасында бир нече жолу нота жибергенин кошумчалады.