Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сапар Исаков: Тарых музейи боюнча иш саясый жактан жүйөөлөшкөн. Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат

Бүгүн, 9- июлдаБиринчи май райондук сотунда Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча соттук отурум уланууда.

Жыйында айыптоочу тарап айыптоо корутундусун угузду. Андан кийин сот соттолуучулар, экс-премьер-министр Сапар Исаков менен президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн экс-башчысы Мира Карыбаевадан айыптоого макулбу, макул эместигин сурады.

Сапар Исаков прокурорлордун эмнени окуп бергендери ага түшүнүксүз болгонун билдирди.

«Мен мунун саясый жактан жүйөөлөшкөн иш экенин айткым келет. Музейди эмне үчүн ачпай жатышат? Бул өлкөнүн сыймыгы эмеспи. Бизде мындай объектилер жок. Музейдин ичинде кофе иче турган жай болбошу керек дегендер депутаттарды уккандын ордуна дүйнөлүк башка музейлерди карап көрүшү керек. Музей супер заманбап болуп эсептелет. Баарына Исаков менен Карыбаева жооп бериши керек деп оодарып коюу туура эмес. Мындай кылганга, минтип өлкөнү ойрондотууга болбойт», - деди ал.    

Соттолуучулардын экөө тең күнөөсүн моюнга алган жок.