Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Судья Кулматов жана Ибраимовду 1-СИЗОго которуудан баш тартты

Бүгүн, 24-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Өткөн жыйында УКМК камакта отурган Кулматовду, Ибраимовду жана башка соттолуучуларды 1-СИЗОго которууну өтүнгөн кат жөнөткөн. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети УКМКнын СИЗОсунда орундар толуп калганын кабарлаган.

Адвокаттар соттолуучуларды башка кармоочу жайга которууга каршы чыгышкан. Алар мындай кадам соттолуучулардын абалын начарлатат деп эсептешет. Мындан тышкары, жактоочу тарап каттын туура эмес берилгенин баса белгилеген. Адвокаттардын айтымында, кат өтүнүч келтирүү иретинде берилүүгө тийиш эле.

Кеңешүүчү бөлмөгө кеткен судья соттолуучуларды башка кармоочу жайга которуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.