Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

УКМК Кулматов менен Ибраимовду жана башка соттолуучуларды орун жетишпей жатканынан улам 1- СИЗОго которууну суранууда

Бүгүн, 21-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланууда.  

Жыйында судья  Кубанычбек Касымбеков УКМКнын катын окуп берди, анда камакта отурган соттолуучуларды орун жетишпей жаткандыгына байланыштуу 1-СИЗОго которуу сунушу айтылган.

Экс-мэрлердин адвокаты Сергей Слесарёв аталган каттын мазмуунун сандырактык деп белгиледи.

 «Бул камакта отурган адамдарды коркутуу үчүн жасалууда. Ал жакта шарттар башка. Эгерде УКМКнын СИЗОсунда бир камерада ашып кетсе үч киши отурса, 1-СИЗОдо 10-12 адам отурат. Ал жакта криминал отурганын баары жакшы билет», - деп билдирди каршы чыккан адвокат.

Башка адвокаттар да кесиптешин колдоп чыгышыты жана бул каттын жараксыздыгын, анткени ал мамлекеттик айыптоо тарабынан өтүнүч келтирүү иретинде таризделиши керек экенин билдиришти. Ошондой эле жактоочу тарап, эгерде УКМКнын СИЗОсунда шарттар жок болсо, анда соттолуучуларды үй камагына чыгарууну өтүнүүдө.