Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ибраимовдун адвокаты «Дастан» ТУК боюнча кылмыш ишин токтотууну өтүндү

Бүгүн, 21- июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук жыйын уланууда.

Соттук жыйында адвокат Сергей Слесарёв «Дастан» ТУК боюнча кылмыш ишин токтотууну өтүндү. Анын айтымында, кылмыш ишинде мүлктү чыгымга учуратуу жана уурдоо жөнүндө айтылган. Слесарёв эч кандай уурдоо болбогонун белгиледи.  

«Акционердик коом тарабынан сатып алынган мүлктүн бир бөлүгү «Дастан» ТУКтун кампасында жаткандыктан, башкача айтканда, уурдоо чыгымдоо жолу менен болгон эмес. Буга байланыштуу «Дастан» ТУК боюнча кылмыш ишин токтотууну өтүнөбүз», - деп суранычын судьяга билдирди адвокат.

Судья, кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетип, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.