Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ибраимовдун адвокаты бириктирилген кылмыш иштерин бөлүүгө өтүнүч келтирди

Бүгүн, 21- июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук жыйын уланууда.

Жыйында адвокат Сергей Слесарёв ишти мэр кызматындагы ишмердүүлүктүн эпизоду боюнча бөлүүгө өтүнүч келтирди. Анын айтымында, бул сот өндүрүшүн жеңилдетет.

Мамлекеттик айыптоо өтүнүчкө каршы чыкты. Сот тараптардын пикирин уккандан кийин адвокат келтирген өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.