Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Албек Ибраимовдун адвокаты соттон Калыс –Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча кылмыш ишин токтотууга өтүнүч келтирди

Бүгүн, 17-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароо боюнчасот процесси уланды.

Ибраимовдун адвокатыСергей Слесарев ал коргоого алган адамга карата мектептин курулушу боюнча кылмыш ишин токтотууга өтүнүч келтирди.

«Бул кылмыш ишинин ойдон чыгарылганын баары билет. Эч кандай далилдер жок. Андыктан эмне үчүн биз сотто отурушубуз керек? Ибраимов бул иш боюнча тергөөнүн эң аягында айыпталган. Ал мэр катары кызмат адамдарынын колу коюлган буйрукка кол коюуга милдеттүү болгон. Мындан тышкары, акча ага чейин эле бөлүнүп берилген. Финансы боюнча буйрукка кол коюу – кылмыш эмес. Бул дегеле таптакыр мэрдин иши эмес», - деп билдирди адвокат.

Слесарев Ибраимовдун эч кандай материалдык пайда таппаганын да кошумчалады.

«Сот бул фактыга көңүл бурууга милдеттүү болчу. Ибраимовго карата кылмыш куугунтугун токтоткула», - деди адвокат.

Өз кезегинде Албек Ибраимов иш саясатташтырылганын билдирди.

«Мени мектеп жөнүндөгү ишке жабыштырып коюшту, анткени бардык кылмыш иштерин бириктирип салышкан.«Солнечный берег» пансионаты боюнча эч кайсы жерге кол койгон эмесмин. Ал жакта кол койгон виртуалдуу Ибраимовболууда. Процесс тергөө, сот жана прокуратура тарабынан уюштурулуп, атайын создуктурулууда. Кылмыш иштерин мени жабыштырып койгондон улам гана бириктиришкен. Саясый система өзгөрөт, муну эске алгыла, анткени силер да бул өлкөдө жашайсыңар», - деп кайрылды ал судьяга.

Судья кеңешүүчү бөлмөгө кетип, келтирилген өтүнүчтү канааттандырбоо туурасында чечим кабыл алды.