Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Албек Ибраимовдун адвокаты «Солнечный берег» пансионатын сатуу боюнча кылмыш ишин токтотууну өтүндү

Бүгүн, 17- июнда, Ленин райондук сотунда экс-шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Жыйында экс-шаар башчыларынын адвокаты Сергей Слесарёв «Солнечный берег» пансионатын сатуу боюнча кылмыш ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч келтирди. Анын айтымында, пансионатты сатып жаткан учурда Ибраимов «Дастан» ТУК ААКнын директорунун кызматын ээлеген эмес.

 «Тергөө Ибраимовго мүлктү энчилеп алган же талоонго учураткан, кызмат абалынан пайдаланган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагууда. Пансионатты сатуу Ибраимовдун катышуусу жок жүргөн. Жетекчи болуп Юрий Васильев иштеп турган. Ибраимов ал убакта ААКда иштебей калган», - деп түшүндүрдү адвокат.

Өз кезегинде экс-мэр  Албек Ибраимов сатуу боюнча келишим жасаган адам күнөөсүн моюндаганын белгиледи.  

«152 млн сомдук зыян келтирилгенТергөө процессинде үчүнчү аларман болгону да аныкталган. Ал пансионатты 82 млн.го сатып алганын мойнуна алган. Ал бул акчаны ордуна коюп берген. Акционерлердин макулдугу бар. Мен ошол кезде кызматта да болгон эмесмин», - деди Ибраимов.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө кирип баратып, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.