Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Албек Ибраимовдун адвокаты «Солнечный берег» пансионаты боюнча кылмыш ишин бөлүүнү дагы бир жолу соттон өтүндү

Бүгүн, 17- июнда, Ленин райондук сотунда экс-шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Жыйында экс-шаар башчыларынын адвокаты Сергей Слесарёв «Солнечный берег» пансионатын сатуу боюнча кылмыш ишин бөлүүнү соттон өтүндү.  

Адвокаттын айтымында, «Дастан» ТУК ААКнын мурдакы директору Юрий Васильевге карата пансионат боюнча кылмыш иши бөлүнгөн.  

«Кылмыш иши бөлүнгөндөн кийин айыпталуучу болуп Албек Ибраимов гана калды. Калган 13 айыпталуучунун кылмыш ишине тиешеси жок. Мен кылмыш ишин өз алдынча өндүрүшкө бөлүп алууну максатка ылайыктуу деп эсептейм», - деп билдирди адвокат.

Сот өтүнүчтү чечтке какты.