Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Адвокат: Кытай мектебинин курулушунда акча мамлекеттин бюджетине түшкөн эмес, демек, Кулматов эч кандай материалдык пайда тапкан эмес

Бүгүн, 14-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Адвокат Сергей Слесарёв Калыс –Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча кылмыш ишин токтотууну өтүндү. 

«Урматтуу судья, ишти иликтеп жаткан мезгилде сиз Кулматовдун иш-аракетинде кылмыштын курамы жок экенин байкашыңыз керек эле.  Кылмыш жасоо жүрүп жатканда, Кулматовдун мэр болбогонун көрүү кыйын эмес. Курулушка чыгымдалган акчаны кытай тарап пайдаланган, акча мамлекеттин бюджетине түшкөн эмес. Демек, Кулматов эч кандай материалдык пайда тапкан эмес. Бир да күбө Кулматовго каршы көрсөтмө берген жок. Тергөө болсо айыптап жатат», - деп билдирди адвокат.

Судья чечим кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти. Кайтып келген соң ал өтүнүчтү канааттандырбоо чечимин кабыл алды.