Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Прокурорлор айыптоо корутундусун Кулматов кармалгандан бир жылдан кийин гана тапшырышты

Бүгүн, 14-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Процесстин жүрүшүндө Кулматов соттон айыптоо корутундусун тапшырууну өтүндү. Мурда ал тергөө ага кылмыш иши менен таанышууга убакыт бербегенин билдирген эле. Бир нече жолку өтүнүчтөн кийин гана судья эск-мэрге иш менен таанышууга уруксат берген.

«Мен кылмыш иштеринин томдору менен таанышып бүттүм. Эми мага айыптоо корутундусун тапшырууну өтүнөм», - деп билдирди Кулматов.

Сот өтүнүчтү канаттандырган соң, прокурорлор Кулматовго камакта бир жыл отургандан кийин корутундуну тапшырышты.