Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кулматов жана Ибраимовдун адвокаты соттон экспертизалардын далилдерин жараксыз деп табууну өтүндү

Бүгүн, 14-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Экс-шаар башчыларынын адвокаты Сергей Слесарёв соттон экспертизалардын далилдерин жараксыз деп табууну өтүндү. Анын айтымында,сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө комплекстүү, комиссиялык, бухгалтердик жана комплекстүү комиссиялык-техникалык экспертиза жүргүзүлгөн.

«Экспертизанын маалыматтары мыйзамды бузуу менен өттү. Буга байланыштуу аталган экспертизаларды пайдаланууга жол берилгистиги жөнүндө өтүнүч билдирилет», - деди Слесарев.

Адвокат жогоруда көрсөтүлгөн экспертизалар Кулматовдун аты таптакыр аталбаган иштер боюнча өткөрүлгөнүн түшүндүрдү. «Кулматов экспертиза жүргүзүлгөн иштер боюнча күбө да, айыпталуучу да болгон эмес. Тергөөчү болсо жаңылганын айтып жатат. Тергөөчү калп айтып жаткан болуп чыгып жатат. Бирок көзөмөлдөөчү орган буга көңүл бурган эмес», - деп билдирди ал.

Мамлекеттик айыптоо өз кезегинде адвокаттын өтүнүнчүн канааттандырбоону суранды. Алар жактоочулардын далилдерин ойдон чыгарылган деп эсептешет. «Аларга даттанууга ким тосколдук кылыптыр. Алар өтүнүчтү далили жок беришти. Аталган маселе мурдакы судья тарабынан да бир нече жолу каралган. Мамлекеттик айыптоочу тарап аталган өтүнүчтү канаатандыруусуз калтырууну өтүнөт», - деп билдирди ал.

Судья кеңешүүчү бөлмөгө кеткен соң, өтүнүчтү канаатандыруусуз калтыруу чечимин кабыл алды.