Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Асель Кодураңова: «Судья К.К Исаеванын Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын «мыйзамдуу шайланган төрагасы» катары Аныктамасы жогору жактын көрсөтмөсү боюнча болгондой таасир калтырат»

«11-июнда КСДПнын партиялык кеңсесине Биринчи май райондук сотунун судьясы К.К. Исаеванын 7-июндагы келип түшкөн Аныктамасы мазмууну боюнча соттук териштирүүнүн калыстыгы боюнча көптөгөн күдүктөнүүлөрдү жаратат.

Биринчиден, соттук отурум бул маселени маңызы боюнча караган эмес, болгону доо арызды камсыз кылуу үчүн жасалган. Башкача айтканда, биз тарапты чакырбай туруп ушинтип койгон. Судья К.К. Исаева тараптарды укпай туруп кандай негизде Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын «мыйзамдуу шайланган төрагасы» деген аныктама чыгарганын түшүндүрүп бериши керек. Бул жогору жактын көрсөтмөсу боюнча жасалгандай таасир калтырат», - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын төрагалык милдетин аткаруучу Асел Кодураңова. - Андай болбосо, Биринчи май райондук сотунун судьясы К.К. Исаеванын 7-июндагы Минюстка юридикалык тараптардын Бирдиктүү реестриндеги КСДПнын жетекчилиги жөнүндөгү маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салуу жөнүндөгү Аныктамасында күтүлбөгөн жерден: «Кыргызстан социал –демократиялык партиясы» саясый партиясынын 2019-жылдын 3-апрелиндеги  XVIII съезди тарабынан «Кыргызстан социал –демократиялык партиясы» саясый партиясынын мыйзамдуу шайланган жаңы жетекчилигинин (төрагасы С.У. Абдрахманов жана Саясый кеңеш) кайрылууларын эске албаганда» деген жазуу кандайча пайда болгон?

Экинчиден, укуктук соттоону ачык дискредитациялоо фактысы көрүнүп турат, анткени судья калп – КСДПнын (Абдрахманов С.У.) доо арызын иш жүзүндө канааттандырган Аныктаманы алдын ала чыгарган.  

Үчүнчүдөн, Аныктамада келтирилген сүйлөмдөрдүн түзүлүшү С.У. Абдрахмановдун доо арызынан сөзмө –сөз көчүрүлгөн. Башкача айтканда, бизде судья К. К. Исаева төмөндө айтылгандар боюнча иш туткан деген орундуу божомол пайда болууда:

ал Аныктаманы Сагынбек Абдрахмановдун же анын артында турган адамдардын окуп берүүсүндө чыгарган;

же доочу менен келишимге барып, Аныктаманы чыгаруу үчүн Доо арыздын электрондук түрүн пайдаланган, аны Сагынбек Абдрахманов өзү же анын кызыкчылыгында иш туткан адамдар бериши мүмкүн.

Буга байланыштуу судья К.К. Исаеванын иш-аракеттерине укуктук баа берүү үчүн биз өзүбүзгө Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылуу укугун калтырабыз.

Акырында, төртүнчүдөн, бизде судья К.К. Исаеванын жана Юстиция министрлигинин иш-аракеттери «жогору» жактан теске салынышы мүмкүн деп билдирүүгө бардык негиздер бар.

Тактай кетели, биздин партия 2019 –жылдын 28-майында КРнын Юстиция министрлигине юридикалык тараптардын Бирдиктүү реестрине КСДПнын жетекчилигинин алмашышы жөнүндөгү биздин билдирүүбүз боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кат жөнөткөн. КСДПнын төрагалык кызматынан кеткен А.Ш. Атамбаевдин ордуна реестрге төраганын милдетин аткаруучу катары А.С. Кодураңова жөнүндө маалыматтар киргизилиши керек эле.

Юстиция министрлиги муну 7 жумушчу күн ичинде, башкача айтканда, 6-июнга чейин аткарууга милдеттүү эле. Бирок Юстминдин кызматкерлери мөөнөттөрдү бузушту, анткени биздин билишибизче, алар судья К.К. Исаеванын 7-июнда гана чыккан Аныктамасын көшөрө күтүшкөн. Ал эми аталган Аныктама биздин КСДПнын кеңсесине 11-июнда гана келген.

Болуп жаткан мыйзамсыздыкты биз сөзсүз түрдө бийликтин КСДПга каршы кысымынын улануусу катары кабыл алабыз.  Бут тосууларга карабастан, биз өзүбүздүн тууралыгыбыздыбардык мыйзамдуу каражаттар менен коргой берүүгө  жана ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерге кол кабыш кылган адамдарды жоопко тартууга жетишүүгө чечкиндүү түрдө даярбыз».