Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Адвокаттар Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча прокурорлордон баш тартуу жөнүндө билдиришти

Бүгүн, 11 -июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер  Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Жыйындын жүрүшүндө экс-шаар башчыларынын адвокаты Сергей Слесарев мамлекеттик айыптоочулардан баш тартуу туурасында билдирди. Анын айтымында, прокурорлордун сүйлөгөндөрү мыйзамга дал келбейт.

«Мыйзам боюнча өтүнүч колдоого алынууга тийиш, бирок алар колдоого албай жатышат. Алар мыйзамды коргоого милдеттүү. Буга байланыштуу мен прокурорлорду алып салууну өтүнөм», - деди ал.

Кеңешүүчү бөлмөгө кетип баратып, бул мыйзамда каралбаганына шылтаган сот өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.