Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кулматов менен Ибраимовдун адвокаты сот процессин белгисиз мөөнөткө жылдырууну өтүндү

Бүгүн, 11- июнда, Ленинрайондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Сот процессинин жүрүшүндө экс-шаар башчылардын адвокаты Сергей Слесарев соттолуучулар кылмыш иши менен таанышып чыкканча соттук териштирүүнү белгисиз мөөнөткө жылдыра турууну өтүндү.

«Бизге мектеп жөнүндөгү кылмыш иши боюнча томдорду көрсөтүшкөн жок. Иш менен таанышуу убактысы соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө кирбейт. Сот бузуу менен өтүүдө», - деп билдирди Слесарев.

Сот алдын ала тергөө учурунда соттолуучулар иш менен таанышкандыгына шилтеме жасоо менен өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов «Дастан» ТУКтун иши жана «Солнечный берег» пансионатын сатуу иши боюнча суроолорго жооп бербей турганын билдирди.    

«Сот иш менен таанышууга убакыт берилди деп жатат. Андай болгон эмес. Убакыт беришкен жок. Андан ары мен протоколго киргизип коюуну суранам – менден Дастандын, мэриянын, «Солнечный берегдин» иши боюнча сурабагыла», - деп билдирди ал.