Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кулматов жана Ибраимовдун иши боюнча адвокаттар сот процессинин катышуучуларына шарт түзүп берүүнү кайрадан өтүнүшүүдө

Бүгүн, 11- июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Экс-мэрлердин адвокаты Сергей Слесарев бардык туугандарды жана тарапташтарды батыргыдай башка сот залын бөлүп берүүнү кайрадан өтүндү.

«Айкындуулук принциптери сакталган эмес. Темир тордун артындагы соттолуучулар үчүн шарт түзүп берүүнү суранабыз. Алар темир отургучта отурушат. Ошондой эле буга караганда чоңураак зал бөлүп берүүнү суранабыз», - дешти адвокаттар.

Төрагалык кылуучу судья башка зал жоктугуна шылтап, өтүнүчтү аткаруудан баш тартты.