Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кулматов жана Ибраимовдун адвокаты кылмыш иштерин бөлүүнү дагы бир жолу өтүндү

Бүгүн, 11- июнда, Ленинрайондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Сот процессинин жүрүшүндө Кулматов менен Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарёв кылмыш иштерин бөлүүнү кайрадан өтүндү. Анын айтымында, Жазык кодексинин 145 – беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш стадиясындагы иштер гана бир өндүрүшкө бириктирилиши керек.   

«Сиздер кылмыш иштерин туура эмес бириктиргенсиздер. Биз сотко чейинки өндүрүштө эмес, соттук териштирүү учурунда турабыз», - деген түшүндүрмө берди Слесарев.

Адвокатты кесиптештери колдоого алышты. Судья кеңешпей туруп эле өтүнүчтү четке какты.