Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кулматов жана Ибраимовдун иши боюнча сотто кайтаруучулар журналисттерге карата ыйгарым укуктарын ашыра колдонууда

Бүгүн, 11- июнда, Ленинрайондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Сот процессинин башталышында адвокаттардын бири жок экени белгилүү болду. Төрагалык кылуучу судья Кубанычбек Касымбеков жарыс сааттык танапис жарыялап, анда кайтаруучулар соттолуучуларды сот залынан алып чыгып кетишти жана залда соттолуучулардын туугандары менен тарапташтары гана калышты.

Сот залын тартууга ниеттенген «Апрель» телеканалынын журналисттерине кайтаруучулар уруксат беришпей, аларды кууп чыгышты. Экс-шаар башчылардын адвокаты Сергей Слесарёв танапис убагында тартууга уруксат экенин, кайтаруучулар тоскоолдук кылууга укугу жок экенин белгиледи. Кайтаруучулар соттун чечими бар экенине шылтоолошуп, бирок аны көрсөтүшкөн жок.