Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кулматов жана Ибраимовдун адвокаты судьяга каршылык билдирди

Бүгүн, 7-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбеков Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Экс-шаар башчыларынын адвокаты Сергей Слесарёв сотко төрагалык кылуучу Кубанычбек Касымбековго каршылык билдирди. Мурда сот Кулматов жана Ибраимовду камактан бошотуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Өзүнүн өтүнүчүн адвокат Касымбековдун үч кылмыш ишин бир ишке бириктиргени менен түшүндүргөн.

«Муну менен, тилекке каршы, кайра эле сиз процесстин бардык катышуучулары үчүн мыйзам бузууга жана Кулматов менен Ибраимовдун укуктарын бузууга жол бердиңиз. Сиз кылмыш ишинин текшерилүүгө алуу маселесин караган жоксуз. Кылмыш иштерин бир өндүрүшкө бириктирүү мүмкүн эмес. Процесстин бардык катышуучулары башка иштер менен тааныштыгы жок. Бул иштердин бири бири менен эч кандай байланышы жок», - деп түшүндүрдү адвокат.

Мындан тышкары, Слесарев судья алдын ала угууларды дайындабаганын жана мындай учурда баш коргоо чарасынын мыйзамсыз кабыл алынганын эскертти.

«Сиз мектеп боюнча кылмыш ишин кабыл алган эмесссиз, бирок аны карап жатасыз. Биз дагы эле мындай иштерди кароого жараксыз залда отурабыз. Сиз бардык айыпталуучулар үчүн тийиштүү шарттарды түзгөн жоксуз», - деп кайрылды адвокат.

Ошондой эле адвокат судьянын өзүнө козголгон кылмыш иши туурасында да эске салды.

«Сиз толугу менен Баш прокуратуранын көзөмөлүндө турасыз, анткени иш башкы көзөмөлдөөчү органда турат», - деп билдирди Слесарев.

Кубанычбек Кулматов камакта эмне үчүн отурганын түшүнбөй жатканын кошумчалады.

«Мен бүгүн бул жерде эмне кылып отурганымды түшүнбөйм. Сиз менин укуктарымды бузуп жатасыз жана мага карата чечим кабыл алууга милдеттүүсүз. Сиз мени бошотушуңуз керек», - деп билдирди ал жана судьяга каршылык көрсөтүүнү колдоду.

Албек Ибраимов судьяга карата кылмыш иши бар жогун ачыктай кетүүнү судьядан суранды.

«Сизге карата кылмыш иши барбы? Кийин өйдө-ылдый сөздөр болбосун деп жатам. Сөз сиз туурасында болсо эле, балканы ургулап калат экенсиз», - деди ал.