Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сергей Слесарев Кулматовдун жана Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү дагы бир жолу өтүндү

Бүгүн, 7-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбеков Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Процесстин жүрүшүндө экс –шаар башчыларынын адвокаты Сергей Слесарёв ал коргоого алгандарды камактан бошотууну өтүнүчүн билдирди. Анын айтымында, аларды кармап турууга негиз жок.

«Биринчиден, Кулматов КРнын жараны болуп эсептелет жана Бишкек шаарында туруктуу жашайт. Ал Кыргызстандын татыктуу жараны болуп эсептелет. Эске сала кетейин, анын мамлекеттик сыйлыктары, билими жана коомдо ээлеген орду бар. Ал ркумуштуу жана илимдин доктору. Үй-бүлөсү жана үч баласы бар. Аялынын колунда кичинекей кызы бар», - деп эске салды адвокат.

Мындан тышкары, Слесарев Кулматовдун баш коргоо чарасынын мыйзамсыз өзгөртүлгөнүн кошумчалады.

«Кулматов өткөн жылдын 5-июнунда камакка алынган. Ал кантип камакка алынып калды? Ага сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат алуу түрүндө баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн болчу. Мурда мыйзам, эгерде адам баш коргоо чарасын  бузса, аны алмаштырууга жол берчү. Бул маселени караган соттор укуктук соттоодон четтеп кетишкен. Кулматов мыйзамсыз камакка алынган. Биз дайыма баш коргоо чарасына даттанып келатабыз. Бирок бир да судья же прокурор бир да далил келтирген жок», - деп билдирди ал.

Слесарев бир жыл өткөндүктөн, мыйзам боюнча сот Жогорку сотко Кулматовдун камакта кала албасын кабарлоого милдеттүү экенин эске салды.