Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сергей Слесарев: Кулматов жана Ибраимовдун иши боюнча сот мыйзам бузуулар менен уланууда

Бүгүн, 7-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбеков Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Процесстин жүрүшүндө экс-шаар башчыларынын адвокаты Сергей Слесарёв сот жыйынын өткөрүүгө каршы экенин билдирди. Ал өзү коргоп жаткандардын кылмыш иши менен таанышууга үлгүрбөй калгандыгынан улам сот жараяны улантылууга тийиш эмес экенин белгиледи.

«Кечээ биз иштин айрым бөлүгү менен таанышууну аяктадык. Таанышуунун шарттары көңүл жылыткан жок. Кулматов жана Ибраимов темир тордун артында отурушту. Адвокатта позицияны жашыруун түрдө такташып сүйлөшкөнгө алганга да мүмкүнчүлүгү болбоду. Темир тор бүткүл дүйнөдө адам укуктарын бузуу деп таанылган», - деп түшүндүрду адвокат.

Слесарев мыйзам боюнча судья ишти кароону улантууга тийиш эмес экенин кошумчалады.

«Судья кылмыш ишин кароону токтото турушу керек. Буга байланыштуу мен сот жараянын өткөрүүгө каршылык билдирем», - деп билдирди адвокат.