Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Нурбек Токтакунов Сапар Исаковду камактан бошотуу өтүнүчүн билдирди

Бүгүн, 6-июнда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланды.

Отурумдун жүрүшүндө экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов аны камактан бошотуу өтүнүчүн билдирди. Анын айтымында, Исаковдун абакта отурганына бир жылдан ашты.

«Бул мыйзамга каршы келет жана анын укуктарын бузууда. Сапар Исаковдун тергөө абагында отурганы конституцияга туура келбейт. Буга байланыштуу, Конституциялык палатага тийиштүү суроо-талап жөнөтүүгө болот. Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, суроо-талап каралганча кылмыш иши токтотула турат жана камакта отурган шектелүүчүлөр үй камагына чыгарылат же чыгып кетпөө туурасында тил кат беришет», - деп түшүндүрдү ал.

Төрагалык кылуучу судья Инара Гилязетдинова кеңешүүчү бөлмөгө кетти.