Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айбек Калиев: Маалыматтары эки башка болуп жатса, Финмин кандайча тергөөнү колдойт?

Бүгүн, 6-июнда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасыдыков жана Азамат Исаков жабырлануучу катары сурак беришүүдө. 

Улуттук энергохолдингдин экс-төрагасы Айбек Калиев Финминдин өкүлдөрүнөн мамлекеттик экспертизада 150 миллион долларга ТЭН (техникалык-экономикалык негиздеме) кандайча пайда болгонуна кызыкты.

«Силер өткөндө ТЭН болгон эмес деп айттыңар эле. Ошол эле маалда кылмыш иши менен таанышып, тергөөнү колдой турганыңарды да айткансыңар. Силер мамлекеттик экспертизада болгон эмес деген ТЭН кандайча пайда болду?», - деп сурады ал.

Финминдин өкүлдөрү бул суроого жооп бере алышкан жок.

Сапар Исаковдун адвокаты финансы министрин суракка чакыруу өтүнүчүн билдирди, бирок сот андан баш тартты.