Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сапар Исаковдун адвокаттары далилдердин тизмегинен Соода-өнөржай палатасынын экспертиза Актысын алып салуу өтүнүчүн билдиришти

Өткөн жума күнү ат майданын жана тарых музейин куруу жана реконструкциялоо иши боюнча алдын ала угуулар болуп өттү. Иш боюнча мурдакы премьер-министр Сапар Исаков жана КР президентинин Аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн экс-башчысы Мира Карыбаева жооп беришмекчи. Бул туурасында Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, алдын ала угуулар жабык режимде өтүүдө.

«Бул жерде кеп мында болуп жатат, алдын ала угуулардын башкы милдети - соттук тергөөгө карата далилдердин болушу туурасындагы маселени кароо болуп эсептелет. Эгерде кандайдыр бир далил кылмыш кодексин бузуу менен алынган болсо, сот аны ишти ачык кароонун жүрүшүндө таптакыр болбосу, айтылбасы жана иликтенбеши үчүн далилдердин тизмегинен алып салууга тийиш», -деп түшүндүрдү Нурбек Токтакунов.

Исаков менен Карыбаеванын адвокаттары далилдердин тизмегинен Соода-өнөржай палатасынын экспертиза Актысын алып салуу өтүнүчүн билдиришти. Токтакуновдун айтымында, экспертиза Соода-өнөржай палатасынын (СӨП) кайсы бир эксперти бир нече соода түйүндөрүндөгү сатуучулардан музейди реконструкциялоодо пайдаланылган товарларга окшош товарлардын наркын сурамжылап чыгуудан гана турган.    

«Мында СӨП жөнүндөгү мыйзам жана СӨПтүн уставы СӨПтү товарлардын сапатын, санын жана толуктугун көзөмөлдөө боюнча гана экспертиза жүргүзүүгө милдеттендирет. Рыноктук нарктын деңгээлин аныктоо СӨПкө караштуу «Кыргызэкспертизанын» компетенциясына кирбейт. Мындан тышкары, экспертизанын Актысы тергөөчү экспертиза дайындаганга чейин жарым жыл мурда жасалган!», - деген түшүндүрмө берди Токтакунов.      

Адвокат экспертизаны кадыресе тартипте алуу жөнүндө түшүнүк берип, ага ылайык адегенде тергөөчү аны дайындайт, экспертке маселени коет жана ага жалган экспертиза үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет. Андан кийин кылмыш процессинин катышуучуларын экспертиза дайындалганы туурасындагы токтом менен тааныштырат.   

«Бул абдан маанилүү учур, анткени экспертиза дайындалган учурдан тартып жабырлануучулар жана шектелүүчүлөр эскпертизаны алуу процессине кол кабыш кылуу иретинде катыша алышат. Бирок биздин учурда адегенде экспертиза болгон, анан аны тергөөчү жарым жылдан кийин «дайындап»  жатат. Албетте, мындай тескери тартипте шектелүүчүнүн экспертиза жасоого катышуу укугун ишке ашыруу мүмкүн эмес - анткени экспертиза эчак даяр болгон», - деп жазат адвокат.

Токтакунов сотко кылмыш процесси гана эмес, кадыресе акыл-эстүүлүктүн да бузулуп жатканы жөнүндө өтүнүч талап билдиргенин жана андан соттун баш тартуусу мүмкүн эмес болчу деп белгиледи.  
«Мен процессти бузуу менен алынган, мындайча айтканда, жасалма экспертиза иштен алынып салына турган биринчи окуяны абдан шыктануу менен күткөн элем (судья Эрнис уулу Айбек бир документти далилдердин тизмегинен алып салды, бирок анын экспертиза сыяктуу иш үчүн мааниси деле жок болчу). Бирок күткөнүм бекер болгон экен, бул жерде мыйзам эмес, кадыресе акыл –эс да утулду. Судья Эрнис уулу Айбек өзүнүн баш тартуусун эски КЖК боюнча экспертизаны кылмыш ишин козгогонго чейин деле дайындаса боло берери менен жүйөөлөштүрдү. Ал экспертизанын так кылмыш иши козголгонго чейин дайындалбаганын байкамаксан болуп болуп койду», - деп түшүндүрдү адвокат.

Ошондой эле Токтакунов соттун кылмыш процессине ачыктан ачык одоно бузууга барганы – бул укук коргоо органдарына КЖКны буза берсе болот деген белги экенин белгиледи.

«Иштин маңызын мындан ары кароонун мүнөзүн оңой эле билсе болот. Биринчи ачык жыйын 11-июнь саат 15ке белгиленген. Бирок анын ачыктыгы формалдуу болушу ыктымал, анткени судья Эрнис уулу Айбектин сот залы абдан тар, болгону 15тей гана киши батат. Биринчи май соту мурдакы балдар борборунун кенен имаратына көчүп өтсө да соттук отурумдар үчүн кенен зал каралган эмес. Биринчи май соту учурда Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы Исанов көчөсүндө, Транспорт министрлигинин имаратынын арт жагында жайгашкан», - деди адвокат акырында.