Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

КСДП партиясы Саясый кеңештин мүчөсү Албек Ибраимовду туулган күнү менен куттуктады

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы  Саясый кеңештин мүчөсү Албек Ибраимовду туулган күнү менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти төмөндө:

  

рматтуу Албек Сабырбекович!

       Өзүңүздүн 52 –чи туулган күнүңүздү Сиз татаал шарттарда тосуп жатасыз. Ал ортодо Сиздин туулган шаарыңыз, өзүңүз көп иштерди аткарып кеткен Кыргызстандын борбор калаасында Сиз баштап кеткен долбоолор дагы эле ишке ашырылууда. Сиздин борбор калаа үчүн жасаган эмгегиңиз шаардыктарды кубандырууда – Сиздин тушуңузда салынган жаңы жолдор шаардагы кыймылды алда канча жеңилдетти, бак-дарактар өсүүдө, жаңы курулган мектептер менен бала бакчалар, Сиздин демилгеңиз боюнча көрктөндүрүлгөн сейил бактары жана парктар иштеп жатышат.

            Бүгүн сизге жалаа жабылып, саясый жактан жүйөөлөшкөн куугунтукка алынып жатасыз. Биз – Сиздин партиялаштарыңыз, Сиздин таза атыңыз акталып, саясый куугунтуктоо менен алектенгендердин шермендеси чыгаарына ишенебиз.

            Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, сизге чың ден соолук, сергектикти жана кайраттуулукту каалайбыз. Сиз кыйынчылыктын баарын жеңип чыгып, Кыргызстанга али дагы далай кызмат кыласыз! Биз мындан шек санабайбыз! "