Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сапар Исаковдун “Азаттыктын” Райым Матраимовдун байланыштары жөнүндөгү журналисттик иликтөөлөрүнө кошумча айткандары

2017-жылдын ноябрындабы, же декабрындабы бекен, мен КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү боюнча «АКА» компаниялар тобунун жетекчиси Хабибулло деген адамды (фамилиясы эсимде калбаптыр) кабыл алдым. Сооронбай Жээнбеков менден Хабибулло менен жолугуумду өтүнүп, анын компанияларынын тобу ири капиталга ээ экенин жана алар Кыргызстандын экономикасына көлөмдүү каражаттарды инвестициялоого ниетенип турушканын белгиледи. Мен ошол эле күнү Хабибуллону кабинетимде кабыл алдым. Бардык уюштуруу маселелери (жолугушуунун убактысы, орду ж.б.) менин жардамчым Бегимай Акимбаева менен Президент Жээнбековдун жардамчысынын ортосунда такталып чыгылган эле.

Хабибулла Өкмөт Үйүнө Президент С. Жээнбековдун сакчыларынын күзөтүүсүндө, башкача айтканда, өткөрүү бюросу аркылуу өтпөй, түз келди. Муну Бегимай Акимбаева менен күзөттүн мурдакы начальниги тастыктап бере алышат.

Хабибулло менен жолугушууда мен өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында айтып бердим жана анын абдан кызыгып калганы көрүнүп турду. Ал баарынан да Мегком компаниясына, «Кыргызстан» улуттук авикомпаниясына, «Нарын» ЭЭАнын аймагында индустриалдык –логистикалык борбордун курулушуна финансы каражаттарын инвестициялоого көбүрөөк кызыкты. Ошол эле учурда мен Хабибуллага КРнын мыйзамдарына ылайык, алар башка компаниялар менен тең катышаарын жана биз эч кимге артыкчылык бере албай турганыбызды билдирдим.  

Хабибулло менен болгон бул жолугушуудан кийин мен инвестицияларды тартуу боюнча Агенттиктин мурдакы жетекчиси Эсен Момункуловго КРнын мыйзамдарына ылайык тартипте «АКА» компаниялар тобунун КРнын экономикасын инвестициялоого катышуусун иштеп чыгууну тапшырдым. Мындан тышкары, ушундай эле тапшырманы мен ММБФнын башчысы Ринат Түлөбердиевге да бердим, анткени Маммүлк Мегаком жана Кыргызстан авиакомпаниясынын акцияларын кармоочу болуп эсептелет.  

Кийинчерек КРнын Өкмөтү Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек – Чолпон-Ата жана Бишкек –Ош автожолдорунда «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүү максатында   Huawei компаниясы менен активдүү сүйлөшүүлөргө киришти.

Өз кезегинде Huawei компаниясы өзүнүн өнөктөшү катары 85%дык инвестиция салууга ниети бар кытайлык «...» (компаниянын аталышы эсимде калбаптыр) компанияны тартты. Буга байланыштуу Huaweiо бизге каражаттын 15%ын өкмөт салсын деп кайрылды. Биз IT жаатындагы адистер, эксперттер менен кеңешип, Huaweiо компаниясынын сунушу КРнын кызыкчылыктарына туура келбейт деген тыянакка келдик жана жетишпеген 15%дык каражатты издөө эки тараптан тең жүргүзүлө турганы боюнча макулдаштык. Кийинчерек инвесторлор менен «АКА» «Коопсуз шаар» долбоорун чогуу инвестициялоого макулдашканы бизге белгилүү болду. Мында КРнын Өкмөтү инвесторлор менен АКАнын ортосундагы кызматташуу туурасындагы сүйлөшүүлөргө катышпаганын белгилей кетүү керек. «Коопсуз шаар» долбоорун реализациялоо боюнча Макулдашуунун долбоорун кылдат иштеп чыккандан кийин ага тараптар кол коюшту.

Макулдашуу кийин биз тараптан бузулган. Анткени инвесторлор мөөнөттү создуктуруп туруп алышты, биздин оюбузча, долбоорду реализациялоо боюнча документтерди сапатсыз даярдашкан жана долбоор боюнча бир нече техникалык талаптарга макул болушкан жок. Мунун баары бизди макулдашууну бузганга жана долбоорду өзүбүздүн күчүбүз менен аткарууну ойлонууга аргасыз кылды.

«Таза коомдун» 2018-жылдын апрелинде өткөн акыркы конференциясында биз гибриддик почта системасын, жол кыймылын эрежелерин бузууларды фотого түшүрүп алуу платоформасын, жол инспекторлору үчүн атамекендик программисттер жана кыргыздын IT-компаниялары тарабынан даярдалган инфосистеманы ийгиликтүү көрсөттүк. Камералар иштеген үч эле күн ичинде үч жолдун кесилишинде 11 миң бузууларды белгилешти. Мунун баары биздин программисттердин күчү менен аткарылды. Мен долбоорду кийинчерек атамекендик ишканалардын күчү менен аткаруунун ордуна, аны башка чет элдик инвестордун колуна өткөрүп беришкенин угуп абдан өкүндүм.

Мени отставкага кетиришкенден кийин бир жумадан соң, мен айрым маалымат каражаттарынан жогорудагы АКАнын башчысынын Райым Матраимов менен эчактан бери байланышы бар экенин билдим. Бирок тилекке каршы,  колумда эч кандай факты жок эле. «Азаттыктын» чындыкка жете баштаганын угуп, абдан кубанып турам. Акыйкатты издөөдө журналисттерге жардам берсем дейм.