Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Судья Кулматовго кылмыш иши менен таанышууга уруксат берди

Бүгүн, 31 –майда, Ленин райондук сотунда экс калаа башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Экс-мэрлердин адвокаты Сергей Слесарёв ал жактоого алган Кулматовду кылмыш иши менен тааныштыруу жөнүндө өтүнүчүн дагы бир ирет билдирди. Кулматовдун өзү 19 томдук иштин баары менен таанышып чыгууга үлгүрбөгөнүн айтты.

«Мага таанышууга 3 күн беришти. Анан мен кантип иш менен тааныша электе эле прокуратурага өткөрүп берип коюшкан. Мен кандайча соттолуучулардын отургучуна отуруп калдым. Эмне үчүн эч ким жоопкерчилик тартпайт? Анысы аз келгенсип, иш менен эч ким таанышкан жок. Тергөөчү менин адвокатымды иш менен тааныштырууну создуктурууда деп айыптады. Бирок Сергей Слесарёв бул учурда атасы каза болуп, ошол жакта бир нече күн жүрүп калды, аны эскертип кеткен. Тергөөчү өзү мени чакырган жок, мен күзөтчүлөр аркылуу мени чакыруусун сурандым», - деди ал.

Судья Кубанычбек Касымбеков өтүнүчтү канааттандырып, соттолуучуга кылмыш иши менен таанышууга уруксат берилген.