Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кубанычбек Кулматов судья Кубанычбек Касымбековду процесстен алып салуу талабын билдирди

Бүгүн, 31 –майда, Ленин райондук сотунда экс калаа башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Соттук отурумда Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов Бишкектин Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековду процесстен четтеттүү талабын билдирди. Мурдараак адвокат Сергей Слесарёв кылмыш иши менен таанышууга мүмкүнчулүк берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган эле.

«Айыпталуучулардын бири да бул иштер менен тааныштыгы болгон эмес. Жок дегенде кылмыш иши боюнча формалдуу түрдө болсо да кол коюп, айыптоо актыларынын көчүрмөлөрүн беришсин», - деди ал.

Өз кезегинде Кулматов кылмыш иши менен таанышууну жетинчи жолу сурап жатканын билдирди.

«Мага иш менен таанышканга беришкен жок. Тергөөчү таанышууга чакырган да жок. Деги мен бул жерде эмне кылып отурам? Мен ушуну менен жетинчи жолу суранып жатам, силер болсо анын баарын кулагыңардын сыртынан кетирип коюп жатасыңар», - деди ал.

Прокурорлордун бири Кулматов айыптоо корутундусуна өзү кол койгондон баш тартканын билдирди. Кулматов болсо кол коюудан мурда 13 томдук кылмыш иши менен адегенде таанышып чыгуу керек деди.

«Мен айыптоо корутундусуна кол коюп берем, бирок мен аны менен таанышып чыгышым керек да. Бул жерде менин тагдырым чечилип жатат. Адегенде иштин кандай жүргүзүлүп жатканын мыйзам менен аныктап алгыла. Силер кантип мындай нерселерди көз жаздымында калтырып коёсуңар? Сиз прокурорсуз. Биз сизге тагдырыбызды тапшырып ишенип отурабыз», - деди ал.

Судья өтүнүчтү четке какты. Буга кыжырданган Кулматов судьяны четтеттүү талабын билдирди.

 «Мен процесске катышуудан баш тартам. Мен судьяны четтеттүү талабын билдирем. Менин укуктарым четке кагылууда. Мен бул жерде соттолуп жатканым жок. Бул жерде жөн эле болбогон оюн жүрүп жатат», - деди ал.

Башка соттолуучулар жана адвокттар Кулматовду колдошту.

Судья четтесемби жокпу деген чечим кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти. Натыйжада судья Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча өзүн четтеттүүдөн баш тартты. Анын айтымында, четтөөгө негиз жок.