Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча адвокаттар соттук отурум өткөрүү үчүн керектүү шарттарды түзүп берүүнү кайрадан суранышууда

Бүгүн, 31 –майда, Ленин райондук сотунда экс калаа башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Экс-мэрлердин адвокаты Сергей Слесарёв бардык адвокаттар жана тарапташтар баткыдай соттук залды бөлүп берүүнү дагы бир жолу соттон суранды. Ал Бишкектин Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековдун Сот департаментине кайрылып, башка зал сурайм деген убадасын эске салды. Бирок ал жөнөткөн суроо-талабы жөнүндө бир да документти көрсөтө алган жок.  

 «Жактоого алынгандар тимеле бочкеге салынган туздалган балыктай отурушат. Бизде иштегенге шарттар жок. Мындан тышкары, алардын көптөгөн туугандары да сот залынан сыртта калып калышты. Булар отурумга катышканга акылуу туугандар, алар катышышы керек», - деп билдирди адвокат.

Судья башка залдар бош эмесин, аларда да отурумдар жүрүп жатканын айтып, бул өтүнүчтү да четке какты.