Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Судья ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттолуучулардын туугандары менен беш мүнөткө сүйлөшүүсүнө уруксат берген жок

Бүгүн, 29-майда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланды.

Жыйындын жүрүшүндө соттолуучулар судья Инара Гилязитдиновадан бүгүнку процесстен кийин туугандары менен беш мүнөткө сүйлөшүп алууга уруксат берүүсүн өтүнүштү. Бирок судья сакчыларга шылтоо менен буга уруксат берүүдөн баш тартты.

“Кайтарган сакчылар сүйлөшкөнгө уруксат беришпейт. Жолугушуу үчүн арыз жазуу керек”, - деди ал.

Соттолуучулар гумандуулук туурасында эске салышты. Бирок судья алардын сөзүнө көңүл бурган жок.


Кийинки соттук отурум ушул жылдын 6-июнунда өтөт.