Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сапар Исаков Финминдин өкүлдөрү калп көрсөтмө берип жатканын билдирди

Бүгүн, 29-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланды.

Сот процессинде Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков жана Азамат Исаков жабырлануучулар катары сурак беришүүдө.

Cоттук отурумда КРнын экс-премьер-министри Сапар Исаков жабырлануучулардын көп суроолорго жооп бере албаганына нараазылыгын билдирди.

«Мен Финминге кандайча зыян келтирилгенин түшүнгүм келет, бирок чынын айтканда, түшүнгөн жокмун. Адегенде мен кеңешип алгым келет. Мен сотко алгачкы жолу катышып жатам. Конкреттүү берилген суроого өкүл келесоолонумуш этип жатса, эмне кылуубуз керек? Ал тырмакчанын ичинде бир эле сөздү кайталап жатат, «биз айыптоочу тарапты колдойбуз» дегенден башканы айтпайт. Эгерде Финминдин өкүлү биздин суроолорго жооп бербей жатса, анда биз эмне кылышыбыз керек? Жоопту кайдан алабыз?», - деген кыжырдануусун билдирди ал.

Мындан тышкары, Исаков Финмин кытайлык «Эксимбанк» банкы менен түздөн түз кат алыша алмакпы, жокпу деп кызыкты. Министрликтегилер кат алышуу ТИМ аркылуу жүргүзүлгөн деп жооп беришти. Сапар Исаков Финминдин өкүлдөрү калп көрсөтмө берип жатат деп билдирди.

Ошондой эле соттун жүрүшүндө подрядчикти кытай тарап тандаганы аныкталды.

Сапар Исаков Финминдин өкүлдөрү калп көрсөтмө берип жатканын билдирди

Бүгүн, 29-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланды.

Сот процессинде Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков жана Азамат Исаковжабырлануучулар катары сурак беришүүдө.