Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Финминдин өкүлдөрү Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча адвокаттын көптөгөн суроолоруна жооп бере алышкан жок

Бүгүн, 29-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сот процессинде Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков жана Азамат Исаковжабырлануучулар катары сурак беришүүдө.

Улуттук энергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиевдин адвокаты Бакытбек Жумашев жабырлануучуларды суракка алуунун жүрүшүндө көптөгөн суроолоруна жооп ала албаганын билдирди. Ал Калиевдин кытайлык тарап менен келишимге кол коюуда кандайдыр бир пайда тапканы жөнүндө Финминде маалыматтар барбы деп кызыкты.

«Калиев кандайдыр бир материалдык пайда табышы керек эле. Силерде анын пайда тапканы туурасында маалыматтар барбы? Кандайдыр бир пайда табуу аныкталганбы? Калиев Финминге кандай иш-аракеттери менен зыян келтирген?», - деп кызыкты адвокат.

Финансы министрлигинин өкүлдөрү бул суроону «Электр станциялары» ААКнын өкүлдөрүнө берүү орундуу болоорун билдиришти

Буга кыжырданган адвокат өзүнүн көптөгөн суроолоруна жооп ала албаганын билдирди.  

«Отурум обу жок оюнга айлануудаАл мен берген суроолордун баарын башкаларга оодара бериши мүмкүн.Мындай иш болбойт, ага эскертүү бериңиз», - деди ал

Судья Инара Гильязетдинова жабырлануучу кандай кааласа, ошондой жооп берсе болоорун билдирди

Адвокат Финминдин өкүлдөрү жабырлануучулар болуп эсептелерин жана кайсы суроого жооп берип, кайсынысына жооп бергенге милдеттүү эмес экени боюнча документ жоктугун айтып жооп берди.