Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Алмазбек Атамбаев КСДПнын Төрагасынын ыйгарым укуктарын тапшырып, партиядагы мүчөлүгүн токтотту

Алмазбек Атамбаев КСДПнын Төрагасынын ыйгарым укуктарын тапшырып, партиядагы мүчөлүгүн токтотту. Бул туурасында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Саясый кеңешинин бүгүнкү өткөн жыйынында маалым болду.

Күчүнө кире турган 2019-жылдын 15-майындагы №19 «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына байланыштуу Алмазбек Атамбаев КСДПнын Төрагасынын ыйгарым укуктарын тапшырды.

КСДПнын Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодураңова бекитилди. «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясый партиясынын Төрагасынын милдетин аткаруучуну бекитүү Тартибине ылайык, КСДПнын Төрагасы тарабынан өз ыйгарым укуктарын КСДПнын Төрагасынын орун басарына өткөрүп берүү Саясый кеңештин чечими менен бекитилүүгө жатат. КСДПнын Төрагасынын милдетин аткаруучу бекитилген күндөн тартып үч ай өткөн соң Саясый кеңеш өзүнүн чечими менен КСДПнын Төрагасынын ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтүн дагы үч айга узартат же КСДПнын Төрагасынын милдетин аткаруучу кылып КСДПнын Төрагасынын башка орун басарын бекитет.

Зарыл болгон учурда Саясый кеңеш КСДПнын Төрагасынын орун басарын КСДПнын Төрагасынын милдетин аткаруудан мөөнөтүнөн мурда бошото алат жана  КСДПнын Төрагасынын милдетин аткаруучу кылып КСДПнын Төрагасынын башка орун басарын беките алат.

КСДПнын 18-съездинин чечимине ылайык, башка чечим менен Фарид Ниязов Саясый кеңештин жана Саясый кеңештин алдындагы Туруктуу комитеттин курамына кошумча шайланды.

Ошондой эле КСДПнын Саясый кеңеши КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевке карата чыгарылган сот өкүмүнө байланыштуу билдирүү кабыл алды. Билдирүүнүн тексти тиркелет.

Фотогалерея