Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Экс-Президент Алмазбек Атамбаев Вьетнамдын башкаруучу Коммунисттик партиясынын делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти, Кыргызстан Социал-демократиялык  партиясынын Төрагасы Алмазбек Атамбаев  Вьетнамдын  башкаруучу  Коммунисттик  партиясынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин, ошондой эле КСДП менен Вьетнам Коммунисттик партиясынын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.  

Вьетнамдын башкаруучу Коммунисттик партиясынын делегациясынын башчысы, ВКП БКнын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, министрдин рангындагы Нгуен Туан Фонг эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын тереңдешине кызыкдар экенин билдирди. «СССР тарагандан кийин Вьетнам менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштар үзүлүп калган. Биз эки өлкөнүн ортосундагы жана биздин өкмөттөрүбүздүн, ошондой эле биздин партиялардын ортосундагы достукту бекемдегибиз келет», - деген ишенимин билдирди ал.  

Жолугушуунун аягында вьетнамдык делегациянын башчысы КСДПнын Төрагасын партиялык байланышты чыңдоо үчүн Вьетнамга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

 

Фотогалерея