Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

КСДПнын Саясый кеңеши Юстиция министрлигинин мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу партия мүчөлөрүнө тарапташтарына расмий кайрылат

КСДПнын Саясый кеңеши Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык тараптардын мамлекеттик Бирдиктүү реестрине КСДПга эч кандай тиешеси жок адамдардын айткандары боюнча КСДПнын маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-аракетин мыйзамсыз деп эсептейт. Мындай чечим бүгүн, 19-апрелде, Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Мамлекеттик органдар тарабынан кайталанып жаткан чагымчыл аракеттерге карабай, КСДП өз укуктарын мыйзамдуу ыкмалар жана каражаттар менен, анын ичинде, митингдер жана нараазычылык акцияларынын жардамы менен гана коргойт. Саясый кеңеш КСДПнын Төрагасы А.Ш. Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Юстиция министрлигинин жетекчилигинин жана кызматкерлеринин биз кылмыш катары эсептеген иш-аракеттерине укуктук баа берүү боюнча расмий талап жолдогонун эске алды.

КСДПнын Саясый кеңеши Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу партия мүчөлөрүнө жана КСДПнын тарапташтарына расмий кайрылат (кайрылуунун тексти тиркелет). 

Саясый кеңеш, мамлекеттик органдар тарабынанжасалып жаткан бут тосууларга карабай, партия өз ишин активдештирүүнү күчөткөнүн белгилейт. Партиялык курулуш план боюнча улантылууда. Мурдараак иштин ар кандай багыттары боюнча КСДПнын комитеттери түзүлгөнүн эске сала кетели. КСДПнын Саясый кеңешинин чечими менен бүгүнкү күндө комитеттердин төрагалары бекитилген, комитеттердин курамына кабыл алуу иши башталган.

Айтсак, уюштуруу иштери боюнча Комитеттин төрагалыгына Таалай Усубалиев бекитилген. Маалымат саясаты жана үгүттөө боюнча Комитетти Кундуз Жолдубаева башкарат. Нурбек Касымбеков укук маселелери, мыйзамдуулук жана шайлоо боюнча комитетке төрага болгон. Жарандык коом жана саясый бирикмелер менен өз ара аракеттенүү боюнча комитеттин төрагалык милдетин аткаруу Адил Турдукуловго жүктөлгөн. Экономикалык жана социалдык реформалар жана өнүктүрүү программалары боюнча комитеттин башчылыгына Сапар Исаков дайындалган. Жаштар демилгелерин колдоо жана сүрөө боюнча комитеттин ишине Эрмек Окенов жетекчилик кылмакчы.

Күн тартибиндеги дагы бир маселе - «Чуулгандуу кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу боюнча демилгеге карата КСДПнын позициясы жөнүндө», партиянын Саясый Кеңеши Кыргыз Республикасынын экс-президенти, КСДПнын Төрагасы А.Ш. Атамбаевдин 2019-жылдын 7-апрелиндеги митингде, Ө. Ч. Текебаев, С.Н. Жапаровдун жана башкалардын кылмыш иштери боюнча жаңы жагдайлар ачылган учурда, алар укук коргоо жана сот органдары тарабынан толук бойдон мыйзамга ылайык гана каралышы керек деп айткандарына тилектештик билдирди.

Мамлекет кимдин ким экенине, анын саясый позициясына карабай туруп, адилет соттук териштирүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Ошондой эле КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөлөрү 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш-жазык кодекстери, ошондой эле башка мыйзамдар бүтүндөй бир катар кылмыш иштерин кайрадан карап чыгууга мыйзамдуу негиз берерин жана мыйзамдын бул нормаларын активдүү колдонуу зарыл экенин белгилейт.  

Саясый кеңештин бардык чечимдери тиркелет:

1. Чуулгандуу кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу боюнча демилгеге карата КСДПнын позициясы жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин КСДПга карата мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө.

                                                             

 

 

Фотогалерея