Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Эльвира Сурабалдиева: Жарандардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 26-июнундагы жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги №218 токтому менен жактырылган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (экинчи окууга) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги №219 токтому менен жактырылган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (экинчи окууга) талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө,  КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору боюнча бир топ маселелер бар экендигин айтты. “Мен мыйзам долбоорлорун колдойм. Албетте жакшы мыйзам. Эгерде терроризмге гана каршы колдонулса, анда жакшы жыйынтык берет. Бирок биздин мамлекетте ар кандай түшүнүксүз нерселер боло берет. Дал ушул мыйзамды жамынып, күч органдары бизнес өкүлдөрүнө кысым көрсөтпөйт деп ким кепилдик берет? Дал ушул мыйзамдын аркасынан биздин адептүү жарандарыбыз жапа чегип калбайбы? Сиз, урматтуу докладчы эртең ушул мыйзамдан жапа чегип калбайсызбы? Бул мыйзам долбоорунда дагы иштеп чыга турчу жерлер көп. Эң негизгиси бизнес өкүлдөрү, жөнөкөй жарандар кыйналып калбагыдай болуш керек. Мен региондорду кыдырганымда, Ысык-Көл облусунун жараны мага кайрылган. Ал жаран Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баргандыктан, биздин күч органдар ал жараныбыздын бардык үй-бүлөсүн суракка чакырып, эл душманы катары мамиле жасаганын айтып арызданган. Канчага чейин бизде ушундай көрүнүштөр улана берет? Бул мыйзам да күч органдарынын куралы болуп калбаш керек”, -  деди депутат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору комитеттит мүчөлөрүнүн колдоосун таап, үчүнчү окууга жөнөтүлдү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы