Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Джураев: Көк-Талаа – Караван жолунун бүтпөй жаткандыгы элдерге ыңгайсыздык жаратууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 26-июнундагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленип  «2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан “Бишкек-Ош” автомобиль жолун реконструкциялоо, IV Фаза” долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору тууралуу (КР Өкмөтүнүн №286 токтому, 20.06.18-ж.) маалымат талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө, КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Сайдолимжон Джураев бул мыйзам долбоору элге керектүү мыйзам долбоору экенин айтып, колдой тургандыгын билдирди. “Бул мыйзам долбоорун колдойм. Элге керектүү мыйзам. Мен эки күн мурун региондон келдим. Көк-Талаа – Караван жолу бүтпөй турат. Бул жол бүтүш керек эле го? Элдерден арыздар түшүп жатат. Бул жолду курууга милдетти алган түрктөрдүн компаниясы экен. Өз маалында жолду куруп бүтүрбөгөндүгү үчүн алар жоопко тартылабы? Себеби, бул жолдун бүтпөй жаткандыгы жарандарга ыңгайсыздык жаратып жатат. Элдерге түрктөр салып жатабы, же дагы башка компания салып жатабы баары бир. Элдер транспорт министрлиги салып жатат деп ойлойт. Жыйынтыгында силер эле жаманатты болуп каласыңар”, - деди С. Джураев.

Мындан сырткары депутат жолдорду куруу боюнча эл аралык компаниялар менен келишим түзүүдө дыкат мамиле жасоо керектигин баса белгиледи. “Ушул сыяктуу компаниялар менен келишимге кол коюп жатканда, бардык тарабын карап андан соң чечим кабыл алгыла. Себеби,  азыркы учурда, жаман компаниялар көп. Ошолорго алданып калбагандай болушубуз керек. Аларды тандоодо кандайдыр бир механизмдерди иштеп чыгып, экинчи мындай катачылыктарга жол бербөө зарыл”, - деп жыйынтыктады депутат.

Жыйынтыгында, депутаттар бир добуштан мыйзам долбоорун колдоп, комитеттин ичинде жумушчу топ түзүп, эки ай аралыгында Бишкек – Ош жолу менен ордунан таанышып келүү чечимин кабыл алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы