Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Айылдарда ак халатчандар калбай калды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 25-июнда өткөн жыйынында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын ден-соолугун коргоо жана 2019-2030-жылдарга саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” аттуу программасынын долбоору талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө, КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков долбоорду колдобой тургандыгын билдирди. “Мен бул долбоорду колдобойм. Себеби, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери саламаттыкты сактоо тармагында канчалаган долбоорлор иштелип чыкты. Бири ишке аштыбы? Жок, бири дагы ишке ашкан жок. Эмнеге ишке ашкан жок? Анткени, ал жерде чыныгы элге керектүү нерсе жок. Элге кагазга түшүрүлгөн долбоордун пайдасы тийбейт. Долбоорлорду жазып алып келип жатасыңар, бирок ооругандардын саны жыл сайын өсүүдө. Дарыгерлердин айлыгын көбөйтүп, бейтапканаларды салыш керек. Мына ошондо, ооругандардын саны төмөндөйт. Ар кандай долбоор жазып, ага акча сурабай ошол акчаны андан көрө дарыгерлердин айлык акысын көбөйтүүгө, пенсиясын көбөйтүүгө жумшагыла. Мына ошондо, биздин мамлекет өнүгөт. Айылдарда ак халатчандар калбай калды. Ушул сыяктуу маселелерди чечүүгө аракет кылышыбыз керек”, деп сөзүн жыйынтыктады депутат Р. Момбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы