Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жайыл районунда жаштар командалары арасында футбол өткөрүлдү

2018-жылдын 23-июнунда Жайыл районунда КСДП партиясынын колдоосу менен жаштар командалары арасында футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Оюнга 25 команда катышты. Финалда «Талды-Булак» жана «Сосновка» командалары беттешти. 2:1 эсеби менен «Талды-Булак» командасы жеңишке жетишти. Жеңүүчү командага кубокту КСДПчы депутат Бакыт Жетигенов тапшырды.

Өз сөзүндө бул партиянын жаш  активисттери тарабынан уюштурулуп жаткан экинчи футбол турнири  экенин белгилеп өттү. Эске сала кетсек, ушул жылдын майында Панфилов районунун командалары беттешкен болчу.

«Бул жакшы салтка айланып баратат. КСДП партиясы спортту колдоодо. Жаштардын ар бир башталыштары колдоого алынат деди», - деди Бакыт Жетигенов.

Турнирдин эң мыкты оюнчусу болуп Алмаз Баялиев табылды. Ал КСДПга колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

СДПК партиясынын маалымат кызматы

Фотогалерея