Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: Балдардын коопсуздугу мамлекеттин алдындагы приоритеттүү маселелерден болушу керек

Бул тууралуу депутат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 25-июнундагы Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун каржылоо тууралуу Макулдашуу долбоорун кароо учурунда билдирди. Жыйындын жүрүшүндө, Айнуру Алтыбаева мамлекет тарабынан алынып жаткан насыялар, ар тараптуу ойлонуулардан соң гана алынышы керектигин билдирди. “Мен бул мыйзам долбоорунун концепциясын колдойм. Бирок түшүнүксүз жерлер көп экен. Албетте, балдардын коопсуздугу мамлекет үчүн биринчи орунда турушу керек. Маалыматта көрсөтүлгөндөй тандалып алынган 50 мектептен сырткары, республика боюнча бир топ авариялык абалда турган мектептер көп. Кайсы критерийге таянып силер бул мектептерди тандадыңар? Мен силерге бир топ мектептин тизмесин берем. Баардык мектептерде балдар үчүн шарттар болуш керек. Жер-жерлерге барып мектептерди кыдырып келүүнү сунуштайм”, деди депутат А. Алтыбаева.

Соңунда Айнуру Алтыбаева алынып жаткан насыянын керектүү багытка гана жумшалышы керектигин баса белгилеп, өкмөттү керексиз чыгымдарды азайтууга чакырды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы