Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Албек Ибраимов: Мага карата козголгон кылмыш иштери саясий жактан жүйөөлөштүрүлгөн

 

2018-жылдын 19-июну, Бишкек шаары.

А.Атамбаевдин соратниктерин тартуу менен кезектеги кылмыш ишинин активдештирилүүсүнө байланыштуу КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри А. Ибраимовдун 2018-жылдын 11-июнунда жасаган билдирүүсүн таратабыз. Анда ал партиянын Төрагасын ааталган кылмыш ишинин маңызы боюнча түшүндүрмө берген. Бул боюнча коомчулукка калыс маалымат берүүүчүн зарыл деп эсептейбиз.

КСДПнын Төрагасы

А.Ш.Атамбаевге

УКМКөз түшүндүрмөсүндө бул келишимдин чоо жайын кеңири ачыкка чыгарганын эске алып, төмөнкү түшүндүрмөнү берүүнү зарыл деп эсептейм.

Мен 2011-жылдын февраль айында “Дастан ТУК” ААКга кызматка келген учурда “Дастан ТУК” менен Индиянын Коргоо Министрлигинин ортосунда 12 аскер торпедасын ташып жеткирүүгө келишим түзүлүп, анны аткаруу мөөнөтү 2011-жылдын декабрына чейин белгиленген.  Бул “Дастан ТУК” ААКнын акыркы жылдардагы бирден бир ири келишими болгонун белгилей кетүү керек.

Келишимди тыкыр изилдеп чыгып, мен негизги үчучурду белгиледим:

1) контракт аяктап калганда продукцияны даярдоо 95% түзгөн (тетиктер өндүрүштө болгон);

2) ишкана тарабынан финансы каражаттарынын басымдуу бөлүгү сарпталып кеткен, булар – чийки зат жана келишимди аткаруу үчүн комплектилөөчү тетиктер, айлык акы жана салыктар;

3)  контракты мөөнөтүндө аткарбаган учурда салынуучу айыптык санкциялар бир миллион АКШ долларынан ашуунду түзмөк.

Эң маанилүү учур болуп торпеданын талкалоочу бөлүгүнүн – Октоочу бөлүгүнүн жана И- 239 Жардыргычынын (атайын тетиктер) жетишпестиги болду. Бул комплектилей турган бөлүктөрү жок биздин торпедаларды эч ким сатып алмак эмес. Завод 6 млн. доллар тегеринде чыгашага учурамак.

Техникалык кызматтардын корутундусу боюнча аталган атайын тетиктерди совет доорунда чыгарууга адистешкен бир гана “Перм Велосипед заводу” болгон. Тилекке каршы, булл ишкана бизге керектүү тетиктерди чыгарбай калганы маалым болду. Демек, бизге зарыл болгон тетиктер “Дастан” заводу чыгарган торпедаларды колдонгон өлкөлөрдүн аскер-деңиз кампаларында гана болушу мүмкүн эле.

Ошол учурда Кыргызстанда атайын тетиктерди ташып келүүгө уруксат берүүчү документтери бар бир эле ишкана “Дастан Инжиниринг” компаниясы гана болгондуктан, ишкана өзүнүн “Укрспецэкспорт” менен байланышына таянып, атайын тетиктерди бизге ташып жеткирүүнү сунуштаган. Буга байланыштуу аталган ишкана менен атайын тетиктерди (И-239 Жардыргычы) ташып келүү боюнча келишим түзүлгөн. “Дастан Инжинирингдин” негизги ээлик кылуучусу болуп (70%) Украинанын жараны Шумов мырза эсептелет.

            “Дастан” ТУК менен келишим бекитүүдө “Дастан Инжиниринг” комплектилөөчү тетиктерге 533 миң АКШ доллары өлчөмүндө өз баасын койгон жана муну документтерди каттоо, тетиктерди ташып келүү жана мындай келишимдерди ишке ашырууда башка чыгымдардын чоң экендиги менен жүйөлөштүргөн.  Башкача айтканда, ташып келүүнүн аяккы суммасын “Дастан Инжиниринг” компаниясы аныктаган. Ошондуктан биз буга макул болууга аргасыз болгонбуз, анткени башка варианттар жок эле.

Жыйынтыгында Индиянын Коргоо Министрлиги менен “Дастан” ТУКнун ортосундагы контракт мөөнөтүндө аткарылып, ишкана 11,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө киреше алган. Натыйжада “Дастан” ТУК 6 миллион доллар тегерегинде операциялык киреше тапкан жана жумушчулардын айлык акыларыүч-төрт эсеге көбөйгөн. Жылдын жыйынтыгы менен Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу “Дастандын” тарыхында алгачкы жолу миллион доллардан ашуун дивиденд  алган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде “Дастан” ТУК ААКсына тиешелүү мүлктү ээлеп алуу жана жок кылуу туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес экенин билдиргим келет.

Менин билишимче, буга окшогон ар бир келишим боюнча көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Министрлиги органдарынын кураторлору тарабынан туруктуу негизде ишке ашырылып келген.  

Ошондуктан эмне үчүн 7 жылдан кийин, так азыр “кокустан” кандайдыр бир күдүктөнүү жана шектенүү пайда болду деген жөндүү суроо менде туулат.

Биздин өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, ошондой эле менин Атамбаевдин командасындагы соратниктеримди камакка алуулар, мага карата ачылган ушул жана башка кылмыш иштери мага саясий жактан жүйөлөштүрүлгөн деп болжолдоого негиз берет.

КСДПнын  Саясий  кеңешинин  мүчөсү                           А.С. Ибраимов