Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркулов Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту. Анда фракция лидери элчи менен эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын бүгүнкү абалы, келечеги, алаканы мындан ары  өнүктүрүү жаатында пикир алышты.

«Кыргызстан менен Түркиянын мамилесинин абалын, түрктөр менен кыргыздар канчалык жакын экенин кайталап айтуунун кажети жок болсо керек. Бир атанын балдарыбыз. Мен Түркияга барганымда, бир профессор Кыргызстандын элинин саны канча экенин сурады. Мен Кыргызстанда 5 млн. эл, Түркияда 80 млн. эл жашайт деп айттым. Биз эгемендикке келгени Түркия менен болгон ар  тараптуу мамиле, алакабыз динамикалуу өсүш үстүндө гана келатат. Биздин эгемендүүлүктү Түркия биринчилерден болуп тааныган.  Эки өлкөнүн ортосунда көптөгөн келишимдер бар. Көптөгөн уюмдарга мүчө болуп эсептелебиз. Ошондой эле ТүркПАнын да курамындабыз. Мен Бишкектин мэри болуп турганда, Стамбул, Самсун менен келишимдерди түзүп, Бишкектин көптөгөн маселелерин чечкенбиз. Эки өлкөнү ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнө аз да болсо  салым кошком деп айтсам болот. Мисалы, Бишкектеги Анкара көчөсү менин убагымда аталды. Ошондо көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, инфраструктурасы толугу менен оңдолгон», - деди И. Омуркулов.

Ошондой эле И. Омуркулов эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары да сапаттык жаңы баскычка көтөрүлүп, элчи Женгиз Камил Фырат Түркия менен Кыргызстандын мамилесинин өнүгүүсүнө өз салымын кошо турганына ишенимин билдирди.

Элчи өз сөзүндө өтүп кеткен Орозо Айт менен фракция лидерин, жалпы кыргыз элин куттуктай турганын белгилеп өттү. Мындан сырткары, ал да фракция лидеринин сөзүнө кошула турганын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык эң жогорку деңгээлде экенин, дагы да өнүктүрүүгө шарттар, ресурстар бар экенин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, экономика, соода-сатык, маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея