Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Джураев: Эмне үчүн Кызыл-Кыя цемент заводуна байланышкан маселеде демилге Замир Аскаровдон чыгууда?

Мындай суроону эл өкүлү Сайдолимжон Джураев Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында койду. Анын пикиринде, эмнегедир вице-премьер-министр Замир Аскаров өзүнө тиешелүү эмес маселеде демилгечи болуп чыгууда.

«Кызыл-Кыядагы цемент заводу боюнча бир канча маселелер бар. Эмне үчүн бул маселени чек арага тиешеси жок вице-премьер-министр Замир Аскаров демилгелеп атат? Эмне үчүн комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койбой эле, документ  өкмөт башчынын кол коюусуна киргизилген?  Бардык процедуралардан өтүп келип, анан гана премьерге киргизилиши керек болчу. Талаштуу маселе болгон соң облустагы, райондогу тиешелүү жетекчилердин макулдуктары керек эле. Вице-премьер-министр Ж. Разаковдун колу кана десек, ал иш сапарда, келгенден кийин колун коюп берет деп атышат. Эмнеге анчалык шаштыңар?  Өкмөт бул чечими менен элди бөлүп, араздаштырууда.  Ошондуктан маселени өкмөт оң жагына чечүүсү зарыл, эл ичине бүлүк салып, ынтымагын бузуунун кереги жок!, - деди С. Джураев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы