Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Мурадыл Мадеминов: Аймактарды өнүктүрүү эмес, бөлүштүрүү жылы деп түшүнүп алышкан окшойт

Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында айтты. Анын айтымында, Кызыл-Кыядагы цемент заводун Ош облусуна өткөрүү боюнча чечим  элди бөлүп жарууга алып келүүдө.

«Өзүңөр билесиңер, быйылкы жыл президенттин жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бирок аны өкмөттөгү кээ бирөөлөр аймактарды бөлүштүрүү жылы деп  түшүнүп алышкан окшойт. Себеби, Өкмөттүн Кызыл-Кыядагы цемент заводун Ош облусуна өткөрүү боюнча токтому чыгып, бул жергиликтүү элдин нааразычылыктарын пайда кылып, эл толкуу  алдында турат. Мындай чечимди мурдагы премьерлердин бирөөсү да чыгарган эмес, а түгүл Сооронбай Шарипович өкмөт башчы болуп турганда да чыгарган эмес эле. Заводдон түшкөн салык Кызыл-Кыя шаарын, Баткен облусун өнүктүрүүгө жумшалып келет. Бирок Өкмөт мындай чечими менен аймактарды өнүктүрбөй эле элдин бөлүнүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Ошондуктан Өкмөт бул маселени туура, мыйзамдык негизде чечип бериши керек», - деди М. Мадеминов.

Эл өкүлүнүн пикирин башка депутат Карамат Орозова да колдоого алып, мындай чечим вице-премьер Замир Аскаровдун өкмөт башчыга туура эмес маалымат бергенинен болгонун айтты. «Замир Аскаров Ноокатта аким болуп турганда да ушундай абалдын орун алуусуна жол берген. Бирок ал азыр аким эмес, вице-премьер-министр. Бир аймактын эмес, өлкөнүн жалпы аймагын өнүктүрүү багытында иш алып барчу адам. Ал бул маселеде өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп атканы байкалууда. Андыктан өз кызыкчылыгын ойлогон, элди бөлүп жарган, аймактардын кызыкчылыгын ойлобогон  Замир Аскаров кызматынан токтоосуз бошотулушу керек», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы