Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жылдыз Мусабекова: Бүтпөй жаткан курулуштарды бүткөрүп, анан жаңыларын баштасаңар!

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-июндагы жыйынында айтты. Депутат Ат-Башы районунда 2015-жылы курулушу башталган бала бакчан али күнчө бүтпөй жатканына токтолду.

«2015-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында 125 орундуу  Казыбек-Жеткинчек балдар бакчасынын курулушу башталган. Курулуштун баасы 23 млн. 491 миң сом деп бааланып, ал жылы болгону 3 млн. сом бөлүнгөн. Бирок ошондон бери каржы бөлүнбөй, бала бакчанын курулушу токтоп турат. Эл аргасыздан айылдык оорукананын эски, иштетилбей калган имаратын жамап-жумап, бала бакча катары пайдаланып келүүдө. Анда 100 бала тарбияланууда. Ал эми кезекте 400 бала турат. Өкмөт башталган курулуштарды аягына чыгарып, анан жаңыларын баштай турганын айтып келет. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Башталгандарына каржы бөлбөй, кайра жаңыларын баштаганын улантууда. Ушул бала-бакчанын курулушун аягына чыгарып берсеңер», - деди Ж. Мусабекова.

Мындан сырткары, депутат ушул жылдын 23-майында Ат-Башынын Ак-Сай капчыгайында жааган каардын кесепеттерин жоюу маселесине токтолду. Эл өкүлүнүн айтымында, жааган кар андагы 15 үй-бүлөнүн малын кырып, өкмөт ал үй-бүлөлөргө эч кандай колдоо көрсөтпөй келүүдө. Алар болсо жардам сурап, көрүнгөн  эшиктерди каккылап жүрүшөт. Ошондуктан өкмөт элди үмүттөндүрбөй,  жардам болор же болбосун так айтышы керек.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы