Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров И. Арабаев атындагы университеттин студенттери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров өлкөнүн студенттери, активдүү жаштары менен жолугушууларды өткөрүп турууну салтка айландырды. Бул ирет эл өкүлү И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик  университетинин  студенттери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эл өкүлү Кыргызстан быйыл эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын белгилөө алдында турганын белгилеп, бул убакытта өлкөбүз демократия, ой, сөз эркиндиги жаатында чоң ийгиликтерге жетишкенин, экономикалык абалыбыз акырындап жакшырып баратканына токтолду. Саясат, адам укуктары, дин тутуу эркиндиктери жаатында  алдыга жылуу болгонун белгиледи. «Биздин мамлекеттик светтик болуп эсептелет. Муну кээ бирлер атеисттик түшүнүк менен алмаштырып алышат. Атеисттик деген кудай жок дегенди билдирет. Светтик деген дин эркиндиги өкүм сүргөндүктү түшүндүрөт», - деди депутат Т. Зулпукаров. Муну айткан эл өкүлү мектептерде, жогорку окуу жайларында  дин боюнча туура билим берүү зарыл экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, депутат диндин үй-бүлөнүн, өлкөнүн жашоосундагы орду, балдарды ыймандуулукка, адамгерчиликке тарбиялоодогу ролу тууралуу айтып, дин жөнүндө тереңден билим алуу зарылдыгына токтолуп өттү. Динди туура түшүнгөн, Кудайдан корккон, аны дайыма эстеп жүргөн адам жаман иштерге барбай турганын, элге, коомго пайдасын гана тийгизбесе, зыянын тийгизбеген коомдун мүчөлөрүнөн болушарын белгиледи.

Соңунда эл өкүлү дин багытында билим алып жатышкан студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, мыкты окууга, изденүүгө, өздөрүн өстүрүү үстүндө тынбай эмгектенүүгө чакырып кетти. 

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

 

Фотогалерея