Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аалы Карашев: Омбудсмендин доклады ар бир жаранга жеткиликтүү болуш керек

     Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин 19-июнунда өткөн жыйынында «2016-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин  (Омбудсменинин) баяндамасы каралды.

    Жыйындын жүрүшүндө, КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Аалы Карашев адам  укуктарын коргоодо, жалпы тармак боюнча чечүүчү конкреттүү сунуш жок экендигин айтты.

     “Урматтуу Омбудсмен, сиздин докладыңызда бир гана укук коргоо органдары, абакта жаткандар тууралуу  маалыматтар бар экен. Эл аралык уюмдар каржылап, колдогон тармактар гана иштеп жатыптыр. Омбудсмендин милдети бир гана ушул тармактарды карабай, башка тармактарга да көңүл буруп иштөө кирет да. Жарандардын конституциялык укуктары да бар. Биздин конституцияда жазылгандай ар бир жаран билим алганга, үйлүү болууга, дарыланууга укуктуу. Бирок бардык эле учурда биздин жарандар укуктарын толук колдонуп жаткан жок да. Дарыланганы барсаң, ар бир кадамың үчүн акча төлөйсүң. Бул дагы мыйзам бузуу. Адамдардын конситуциялык укуктарын тебеленип жатат. Бардык тармакты терең изилдеп анализ кылып маселени чечүү үчүн сунуш бергиле”, деди А. Карашев.

     Мындан сырткары депутат докладды ар бир жөнөкөй жаран түшүнгөндөй кылып жазып чыгарууга чакырды.

     “Сиздин докладды ар бир жаран түшүнгөндөй болуш керек. Бир гана Жогорку Кеңешке керек эмес бул доклад. Интернет булактарына чыкканда кызыккан жарандар кирип окуйт. Ошолорго жеткиликтүү кылып даярдоого чакырам”, деп сөзүн жыйынтыктады депутат А. Карашев.

     СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы