Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу иштетип, бюджетке миллиарддаган сомдорду түшүрүү керек

Бул тууралуу СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты. Анда КР өкмөт башчынын 2017-жылга карата отчету угулду.

Жыйында Иса Омуркулов өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп баа берүүгө толук негиз бардыгын айтты. «Макроэкономикалык көрсөткүчтөр жаман эмес экен, ИДПда да өсүш бар. Буга чейин фракцияда карап, канааттандырарлык деп баа бергенбиз.Бирок ошол эле мезгилде бир катар чечүүгө тийиш болгон көйгөйлүү маселелер бар. Атап айтсам, мамлекеттик сатып алуу маселеси. Айыл өкмөттөргө 1 млн. сомго чейин  мамлекеттик сатып алууларды  жүргүзүүгө укук берүү зарыл. Каржы министрлиги бул маселени 2 жылдан бери чечпей келатат. Айыл өкмөттөрдүн баарында эле интернет бар эмес», - деди И. Омуркулов.

Иса Омуркулов ошондой эле тендер маселесин көтөрдү. Анын айтымында, тендерлерде баасынын арзандыгына басып жасалып, натыйжада бүткөрүлгөн иштер сапатсыз болуп, кошумча чыгашаларга дуушар кылууда.

Мындан сырткары,  фракция лидери өрт өчүрүүчү авто унаалар батпайт экен деп, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна уруксат бербей, бул ички инвесторлордун өнүгүүсүнө бөгөт болуп жатканын айтты.  

Медицинадагы көйгөйлөр боюнча да кеп козгоду. И. Омуркуловдун белгилөөсүндө, диагностикалык аппараттардын жоктугунан эл кыйналып, жарандар аймактардан шаарларга келип, түйшүк, азап тартып келишүүдө.

Өлкөдөгү бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө каржылык резерв бар экенин айткан Иса Омуркулов мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу иштетүү зарылдыгын айтты. «Өлкөбүздө 1130 ишкана болсо, анын 894ү калыптыр, алардын 750сү иштебейт. Бүгүнкү күндө 94 ишкана иштеп келатат, бирок алардын кирешеси начар, өткөн жылы 5 млрд. 280 млн. сом гана киреше бериптир. Бул мамлекеттик ишканалар натыйжасыз иштеп атканын билдирет. А түгүл кайсыл бир күчтөр тарабынан мафия, коррупция орун алып, өлкө бюджетине миллиондогон акчалар түшпөй жатат. Менин айтайын дегеним, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүчү каржылык резерв ушул жерде жатат. Мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу иштетүү менен көптөгөн көйгөйлөрдү чечсек болот», - деди фракция лидери.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы