Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

КСДП депутаттары ЮСАИД өкүлү Джон Лис менен жолугушуу өткөрүштү

Бүгүн,  12-июнда  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Карамат Орозова, Евгения Строкова жана Дастан Бекешевдер “Парламентке, шайлоо тартибине жана шайлоодо байкоо жүргүзүүгө жардам берүү”  жана “Кыргыз Республикасында саясий тартипти көзөмөлдөө”  боюнча долбоорлордун аткарылышынын сапатын баалоону жүргүзүп жаткан “Social Impact Inc.” уюмунун көз карандысыз серепчиси Джон Лис менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, КСДП депутаттары жана көз карандысыз серепчи Джон Листин ортосунда  өкмөттүк эмес, көз карандысыз Эл аралык республикалык институттун (IRI - International Republican Institute) кыргыз эл өкүлдөрү менен болгон кызматташтыгы туурасында сөз болду. Фракция депутаттары көчмө жыйындарды өткөрүүдө  депутат айымдарды колдоп, алар көтөрүп жаткан демилгелерге ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткандарына, ошондой эле башка чет мамлекеттердин парламенттери менен таанышууга түзүп берип жаткан мүмкүнчүлүк үчүн Эл аралык республикалык институтка ыраазычылык билдиришти.

Мындан сырткары, баарлашууда  мамлекет ичиндеги аялдардын арасында болуп жаткан көптөгөн социалдык маселелер козголду. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, эки тарап берилген суроолорго жооп берип, кенен маек курушту. Жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары да эки тараптуу кызматташтык улана берерин баса белгилешти.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея