Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров Катардын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бүгүн,  12-июнда КР  Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Катар мамлекетинин ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед бин Арар Аль-Наиминин дипломатиялык ишмердүүлүгү аяктап жаткандыгына байланыштуу расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Т. Зулпукаров Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы биринчи элчисине ыраазычылык билдирип, эки элдин кызматташтыгына чоң салым кошкондугун баса белгиледи. “Сиз элчи болуп келгенден кийин эки элдин ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Сиздин эмгегиңиз менен көптөгөн келишимдерге кол коюлуп, алар иш жүзүнө ашып жатат. Эки элдин ортосундагы жакшы мамиле бизди абдан кубандырды. Сиздин жардамыңыз менен Катар эли Кыргызстан тууралуу жакшы маалыматтарды алып, Катар тараптан келген туристтер жыл сайын көбөйүүдө. Алгачкы элчи катары биз сизди ар дайым урматтап, сыйлап жүрөбүз. Биздин мамлекетке келип кызмат кылып кеткендигиңиз үчүн чын жүрөгүбүздөн ыраазычылык билдиребиз”, -  деп сөзүн жыйынтыктады Т.Зулпукаров.

Өз кезегинде Катар мамлекетинин элчиси Мохаммед бин Арар Аль-Наими кыргыз тарапка чын дилинен ыраазычылык билдирип, эки элдин ортосундагы достук мамиле  мындан ары да улана берерине ишенээрин билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея